11.11.2019 19:33

Эксперттердин бүтүмү: Сапар Исаков ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогон эмес

Эксперттердин бүтүмү: Сапар Исаков ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогон эмес

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү. Сотто эксперттер мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын жактаган эмес деген пикирге келишти, деп жазат «Тазабек».

Отурумда жактоочу Замир Жоошев кылмыш иштин документтерине психилого-лингвистикалык экспертиза жасатканы белгилүү болду. Укук коргоочу эксперттердин бүтүмүн Исаков боюнча ачылган иштин материалдарына кошууну суранды.

Бардыгы 4 документке экспертиза жүргүзүлгөн. Алар: 

  • президент аппаратынын бөлүм башчылары Нурсулу Ахмедова менен Сапар Исаковдун президенттин атына жолдогон кызматтык каты
  • О.Артыкбаевдин атына президенттен жөнөтүлгөн резолюция (тапшырма) 
  • Энергетика министрлигинин кеңешмесинин протоколу
  • Энергетика министрлигинин Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча президент Алмазбек Атамбаевге жөнөткөн каты. 

Эксперттер бул документтерди изилдеп чыгып, Сапар Исаковдун атынан жөнөтүлгөн каттарда ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын жактаган белгилер табылган жок деген тыянак чыгарышты. Жактоочу Замир Жоошев соттон бул бүтүмдү иштин материалдарына кошууну жана соттук иликтөөнүн жүрүшүндө ага укуктук баа берүүнү, зарылчылык жаралса, корутунду чыгарган эксперттерди отурумга чакырууну өтүндү. 

Сот өтүнүчтү ачык калтырды.